00:51
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Билим берүү министрлиги: Баннердеги ката биздин айып эмес

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстан — Орусия ЖОЖдорунун I Форумундагы баннерге жазылган ката боюнча түшүндүрмө берди.

Министрдин орун басары Надира Жусупбекова ректорлор форумундагы ката боюнча «Марал» радиосуна ал басмкананын катасы экендигин айткан.

«Ректорлордун I форуму өттү. Албетте, трибунадагы каталар мени да капалантты. Айта кетчү жагдай, ал бизден эмес, басмаканадан кеткен ката. Коомчулукка айтарым, бир ката үчүн форумдун жакшы жагдайларын көз жаздымда калтырбасак.», — дейт Надира Жусупбекова.

Эске салсак, кечээ Кыргызстан — Орусия ЖОЖдорунун I Форуму болуп өтүп, андагы трибунанын алдына жазылган сүйлөмдөгү каталар коомчулукта катуу талкуу жараткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума