08:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз-орус ЖОЖдору. Меймандарды ката жазылган баннер менен тосуп алышты

Бүгүн Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» биринчи форуму өттү. Аны президент Сооронбай Жээнбеков ачты.

Форумга Орусиянын 40 жогорку окуу жайларынын ректорлору жана жергиликтүү 31 ЖОЖдун өкүлдөрү катышты. 

Ката жазылган форумдун баннери социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда. Анда форум баш тамга менен жазылып, Кыргызстан менен Орусия даген жазуудагы «и» байламтасы бириктирилип жазылып калган. Ошондой эле, «образования-инвестиции» деген сөздөрдүн ортосуна боштуктан кийин сызыкча эмес, дефис белгиси коюлуп калган.

Эң көп окулган жаңылыктар