Кыргызстанда зордук-зомбулуктун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата даректүү тасмалардын фестивалы өтөт. Бул тууралуу «Бир Дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, адам укуктарынын жана эркиндигинин бузулушу тууралуу тасмаларды көрсөтүү 2007-жылдан бери уланууда.
Тасма тартууланган соң тасмада орун алган көйгөйлөр, аялдар, мигранттардын балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тууралуу талкуу болот.
Эртең зордук-зомбулуктун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата Каракол шаарында «Кыйноодон кийинки жашоо. Төрт тагдыр» даректүү тасмасы тарууланат.