Эртең Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
9.30-19.00 — «Алтын-Ордо», «Учкун-2», «Учкун» (Үч-Тулга, Чымындык), Алма-Ата (район МТФ), Ахунбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши;
9.30-17.00 — Ибраимов, № 30, «Чыгыш 5», №№ 19, 20, 22-28, «Алтын-Ордо»;
9.30-18.00 — «Арча-Бешик» (Кара-Коо, Он-Арча, Күйүкова, Узун-Булак, Бакаев, Абдрахманов, Ойсул-Ата, Кызыл-Адыр, Набережная);
9.00-17.00 — Садырбаев, Купянская, Хоперская, Гагарин, «Киргизия» (Восточная).