09:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өмүрбек Текебаев көз жашын кайсы учурда катуу тыйып, бекем турганын айтты

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев BBС радиосуна интервью берип жатып, жашып кетти. Маекти радионун журналисти саясатчыдан Улуттук кардиологияда алган.

Өмүрбек Текебаев июнь айында Улуттук кардиология борборуна которулган.

Ал алгачкы соттук отурумда кичүү кызы Айсараны көрүп, көз жаш чыгарбоого аракет кылганын айтат.

«Кызым атама барам деп туруп алыптыр. Ал келип ыйлап жиберсе, мен жашып кетишим мүмкүн эле. А менин душмандарым жашып турганымды көрбөшү керек болчу. Алар аны сынгандык катары кабыл алышмак. Андыктан кызым экөөбүз тең катуу кармандык», — деп эскерип жатып саясатчы жашып кетти.

«Менин бул жашыганымдын куугунтуктоого, камалышыма эч тиешеси жок. Кызым менен болгон окуяны эстеп кеттим», — дейт кошумчалады Өмүрбек Текебаев.

Саясатчынын айтымында, анын көңүлү бош.

«Азыр мына орустардын сериалын көрүп алып деле жашып кетем», — дейт Өмүрбек Текебаев.

Эң көп окулган жаңылыктар