23:57
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүүчү комитет эмне менен алектенери айтылды

Президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүүчү комитет эмне менен алектенерин, аталган комитеттин биринчи жыйынына катышып жатканда айтып берди.

Айтымында, Өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүүчү комитети -кошумча түзүлгөн мамлекеттик орган эмес. Ал актуалдуу маселелерди талкуулай турчу аянтча. комитетке 25 киши кирди. Сооронбай Жээнбеков комитеттин төрагасы, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов менен Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков анын орун басарлары болуп бекитилген.

Комитет өлкөнүн өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө багытталган стимулдардын эффективдүүлүгүнө анализ жүргүзүүсү керек. Мындан тышкары алар соода саясатын жана мамлекеттик сатып алууларды өзгөртүүгө багытталган сунуштарды киргизе алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар