18:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Тажикстан: туристтер курман болгон жерде эстелик орнотулат

Тажикстандын Дангара районундагы туристтерге кол салуу болгон Себистон айлында эстелик-велосипед орнотулат. Эстеликти «Рахш Такси» компаниясы жасатууда. Дангара-Дүйшөмбү жолунда каза болгон туристтердин элесине арналган «Тажикстандыктар сиздер менен!» аттуу веломарафон да өтөт. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.

«Эстеликти ачуу менен биз Дангарадагы кол салуунун курмандыктарына урмат көрсөтөбүз. Тажиктер меймандос калк болгонун жана боло берерин, Тажикстан туристтер жана саякатчылар үчүн коопсуз өлкө бойдон каларын айткыбыз келет», — деди компаниянын басма сөз катчысы Содикджон Зарифи.

29-июлда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган. Тажикстандын ички иштер министри автоунаадагы адамдар туристтерди сүздүргөндөн кийин аларга курал жана бычак менен кол салганын билдирген.

Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алган.

Эң көп окулган жаңылыктар