04:04
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кант шаарында аялы күйөөсүн өлтүрдү

Кант шаарында аял күйөөсүн өлтүрдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, зордук-зомбулук менен өлтүрөлгөн кишинин сөөгү 19-июнда табылды.

«Маркумдун колу, буту байланган. Бутуна кирпич байлап койгон. Анын өлүмүнө шектелип аялы кармалды. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, каза болгон жаран аялына кол көтөрчү. 17-июнда мас абалда келип, аялын сабап баштаган. Аял аны түртүп жибергенде, ал кулап түшүп жан берген. Шектүү анын сөөгүн сууга салып жиберген, ага кызы менен уулу жардам бергени айтылууда», -деп жазылат маалыматта.

Чүй ОИИББ аталган окуяны тастыктады. Маалыматка караганда, каза болгон жаран Дмитриевка айылынын 52 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума