Ош прокуратурасынын мурунку кызматкери Канжар Кадыралиевге карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан маалымдашты.
Кечээ Октябрь райондук соту өкүмдү чыгарды. Иш мөөнөтүнөн өтүп кеткен үчүн токтотулду.
Эске салсак, 2014-жылы бир канча киши Ош прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевдин иш-аракетине карата арызданышкан. Ага карата «Пара талап кылуу», «Бейбаштык», «Өзүм билемдик» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Канжар Кадыралиев тергөө органдарынан качып жүрүп, 2015-жылы мартта өз күнөөсүн алып келген. Ал № 1 тергөө абагында отуруп, 2015-жылдын акырында үй камагына чыккан болчу.

