23:49
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Финчалгындын башчысы Гүламжан Анарбаев Матраимовдор менен туугандыгын ырастады

Финансалык чалгындоо кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев Матраимовдор менен туугандыгын ырастады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы «24.kg» агенттигине билдирди.

Гүламжан Анарбаевдин айтымында, анын карындашы Матраимовдордун келини.

«Алар мындан 20 жыл мурун менин карындашымы келин кылып алган, чоң уулу 19 жашка чыгып калды, жакшыбы-жаманбы жашап атышат. Аларды кой мага сөз тийип атат деп ажыраштырып жибериш керекби? Баарын эле жумуш менен аралаштыра берген да туура эмес. Мени, Матраимовдор менен байланыштырган мамилем жок. Алар өзүнүн жолунда, биз өзүбүздүн жолубузда жүрөбүз», — дейт ал.

Гүламжан Анарбаев Асылбек Жээнбеков менен кудалыгын дагы четке кагат.

«Бул чындыка дал келбеген ушак кеп. Биздин ата-баба, санжырадан бери териштирип караса да тууган чыкпайбыз», — деп билдирди Гүламжан Анарбаев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Финансалык чалгындоо кызматынын төрагасы Матраимовдор менен тууган экендигин, бул алардын мүлкү калыс текшерилишине күмөн жаратарын айткан.

Бирок, Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жана Финансылык чалгын кызматы териштирүү жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби