01:09
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Дүйнө чемпионаты −2026: Неймар Бразилия курамасында карьерасын жыйынтыктады

Футбол боюнча Бразилия курама командасынын чабуулчусу Неймар улуттук курамада ойноону токтото турганын билдирди. Бул тууралуу ал дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Норвегияга каршы өткөн беттештен кийин айтты. Оюнда бразилиялыктар күтүүсүздөн 1:2 эсебинде утулуп калышкан.

ФИФА
Фото ФИФА. Неймар Бразилия курамасында карьерасын жыйынтыктады

Бул беттеште Неймар кошумча убакытта пенальтини таамай аткарып, өз командасынын жалгыз голун киргизди.

«Мен аракет кылдым, абдан аракет кылдым. Эми баары бүттү. Мен ушул жерден баштагам, ушул жерден бүтүрдүм», — деди ал. Ошондой эле ал курама командадагы дебютун 2010-жылы АКШга каршы жолдоштук беттеште дал ушул Нью-Джерсидеги «Метлайф» стадионунда жасаганын, Норвегия менен болгон оюн да ушул эле аренада өткөнүн эске салды.

34 жаштагы Неймар — Бразилия курама командасынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир. Ал улуттук кураманын курамында Олимпиада оюндарын (2016) жеңип, Олимпиаданын (2012) жана Америка кубогунун (2021) күмүш байге ээси болгон. Ошондой эле Конфедерациялар кубогун (2013) багындырган. Чабуулчу улуттук курама үчүн жалпысынан 80 гол киргизген. Мындан тышкары, анын эсебинде 59 натыйжалуу пас бар.

Эң көп окулган жаңылыктар