12:43
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Жактоочу мыйзамды билбеген тескөөчүнү жоопко тартууну талап кылат

Бишкекте ЖКККББнын кызматкери Жол кыймылынын эрежелерин бузулгандыгын чөнтөк телефонго тартып, инструкцияны бузду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Бактыбек Жумашев билдирди.

Айтымында, инспектор Жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысын атайын техникалык каражат аркылуу каттатышы керек эле.

«Инспектор уруксаат берүүчү жарык күйүп жатканына карабай айдоочуну токтоткон. Далил катары уюлдук телефонго тартылган видеону көрсөткөн. Нормативдик-укуктук актыга ылайык, тескөөчү атайын куралды колдонушу керек. Ал протокол толтуруп, 15 күн ичинде доо арыз менен кайрылса боло турганын айдоочуга айткан. Бузуулар тууралуу кодекске ылайык, инеспектордун иш-аракетине 10 күндүн ичинде доо арыз менен сотко кайрылууга болот. Бирок, тескөөчү 15 күн деп туура эмес маалымат берген. ЖКККББ айдоочунун айткандарын туура деп тапты, эми тескөөчүнү жоопко тартууну талап кылам», -деди жактоочу.

Эң көп окулган жаңылыктар