03:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарды колдоо. Кан тапшыруу акциясы өтөт

Эртең Бишкекте онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарды колдоо боюнча кан тапшыруу акциясы өтөт. Бул тууралуу Help the children — SKD фондунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жыл сайын өтүп туруучу акциянын максаты- коомчулукту донордук кандын корун түзүүгө чакыруу.

«Карама каршы көрсөтмөсү жок болгон каалоочулардын баардыгы кан тапшырып, балдардын өмүрүн сактай алышат. Мындан тышкары жарандар канында инфекциянын бар же жок экенин акысыз текшертип алса болот. Муну менен катар кандын тобун дагы билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», -деди фонддун директору Елена Конева.

Донор болом дегендердин жаш курагы 18ден 50 жашка чейин, 50 килограмм салмактан жогору болууга тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар