Кыргызстанда аялдардын 19 пайызы рак илдетине чалдыккан. Бул тууралуу Көкүрөк шишигине алдын-ала аныктоо боюнча улуттук программанын алкагында өткөн иш чарада айтылды.
Маалыматка караганда, жылына өлкөдө 5 миң 538 киши шишик оорусу менен катталса, анын 3 миң 58и аялдар. Алардын жаш курагы 20-65 ортосунда. Көбүнчө көкүрөк шишиги менен кайрылышат.
Көкүрөк шишигине чалдыккан аялдардын 50 пайызы дар аныкталгандан кийин бир жыл өтпөй каза болушат.