23:59
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун директору канга муктаж

Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун директору Алексей Петрушевскийге кезектеги 5-операция жасалат. Мындан улам ал канга муктаж болууда.

Жабырлануучу Улуттук госпиталда жатат. Канды Республикалык кан борборунан Петрушевский Алексей Владимировиятин наамына тапшырса болот.

Алексей Петрушевский -көп жылдан бери кароосуз калган балдардын маселеси менен алектенип келет. Ага жардам берүүнү каалагандар 0776333633 ЭЛСОМ капчыгына каражат которсо болот.

Эң көп окулган жаңылыктар