04:51
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Кыргызстанда бир катар жаңы аба каттамдары ачылат

Кыргызстанда бир катар жаңы аба каттамдары ачылат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Qazaq Air авиакомпаниясы 7-июндан тарта Алматы-Ош -Алматы багытында жумасына эки жолу (жума, жекшемби күндөрү) каттай баштайт. Эске салсак, аталган авиакомпания 5-апрелден бери Алматы-Бишкек-Алматы каттамы боюнча жумасына эки ирет каттап баштаган.

Ал эми Air Arabia авиакомпаниясы 2-июлдан баштап Шарджа -Бишкек-Шарджа багытында учу баштайт. Ал жумасына 4 жолу — шейшемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт.

«Өзбек аба каттамдары» авиакомпаниясы 27-июндан тарта Ташкент-Тамчы-Ташкент каттамын ишке ашырат. Учактар чартердик негизде жекшемби күндөрүгана каттайт.

«Атлас Глобал» авиакомпаниясы 10-июндан тарта Анталия-Бишкек-Анталия каттамын ишке ашырмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби