13:14
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ӨКМ: Туруксуз аба-ырайы күтүлөт

1-июнда күндүз жана 2-5-июнда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-июнда күндүз Кыргызстандын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 2-3-июндарда көпчүлүк аймактарда, 4-5-июндарда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-июндарда кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

2019-жылдын 2-5-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби