Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы катталгандан бери вирустан 1 миң 952 киши каза болгон. Бул тууралуу журналисттерге «СПИД» Республикалык борборунун башчысы Үмүт Чокморова билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын 1-мартына карата өлкөдө ВИЧ менен жабыркаган 9 миң 800 учур катталган. Анын 658и жаш балдар.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 100 миң кишиден ВИЧ менен жабыркаган 13 учур катталды.