13:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Нур-Султан шаарына учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Нур-Султан шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысынын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоосу пландаштырылууда.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны чакан жана кеңири курамда өтөт, жыйындын жүрүшүндө эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

Эске салсак, 5 жыл мурда, 2014-жылдын 24-майында Беларусь, Казакстан жана Россиянын ортосунда Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндөгү Макулдашууга кол коюлган, 2015-жылдын 2-январында Армения ЕАЭБдин мүчөсү болду. 2015-жылдын 12-августунда Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекет болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар