02:05
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Депутат Эркинбек Чодуевди айыл чарба тармагын реформалап жиберет дегенден алыс

Айыл чарба министрлигине талапкер Эркинбек Чодуевдин артыкчылыктуу жогорку билими бар экенин тастыктаган 3 диплому бар. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда депутат Иса Өмүркулов айтты.

Анын билдирүүсүндө, талапкер 3 дипломго ээ жана иштөөгө каалоосу дагы күч. «3 диплому бар, кыскасы башы иштейт», -деди депутат.

Депутат Алтынбек Сулайманов талапкердин айыл чарба министринин орун басары болуп 5 жылдан бери иштеп жатканын айтты. Аталган тармакты реформалап жиберет дегенден алыс. «Сиз 5 жылдан бери эч нерсе кылган жоксуз, эми да кылбайсыз. Баары мурункудай эле болот», -деди ал.

Комитет Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин жактырды.

Ал 1963-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Ак-Жар айылында туулган. Анын инженер-куруучу, экономист жана юрист адистиги боюнча дипломдору бар. 2014-жылдан бери Айыл чарба министринин орун басары болуп эмгектенип келген.

Эң көп окулган жаңылыктар