18:12
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өкмөт башчы Айыл чарба министрлигине талапкерлигин койгон ишкерди колдогон жок

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба министрлигине талапкерлигин койгон жеке ишкер Тилек Токтогазиевди эмнеге колдобогондугун айтты. Ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда түшүндүрдү.

Өкмөт башчы кадрларды тандоодо жаштыкка гана таянбастыгын айтты. «Тилек Токтогазиев — жаңыча көз караштагы жаш ишкер. Күнөскана менен алектенет. Бирок, жаштык менен билимден сырткары тажрыйба дагы керек деп ойлоймун», -деди ал.

Эске салсак, Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин «Бир-Бол» фракциясы сунуштаган. Мухаммедкалый Абылгазиев аталган кызматка Эркинбек Чодуевду сунуштады. Ал 55 жашта, Айыл чарба министринин орун басары болуп иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар