Эл аралык иштер, коргонуу жаан коопсуздук боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрү чек ара маселелерин талкуулап жатышат.
Депутат Ирина Карамушкина Чек ара кызматына эмне жетпейт деп суроо салды. Малыматка ылайык, аталган кызматка күйүүчү-майлоочу май жетишпейт. Талап кылынган көлөмдүн 10 пайызы гана бөлүнөт. Мындан улам жоокерлер чек араны жөө кыдырып кайтарганга мажбур.
Комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, бул кошумча пункт. ал эми алгачкы орунда Тажикстан менен болгон чек арадагы маселелерди чечүү жатат.