08:36
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Кыргызстандын микрокредиттик уюмдары 6 миллиард сомдон ашуун насыя берген

2019-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын микрокредиттик уюмдары 6 миллиард 215,5 миллион сомдук насыя беришкен. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чакан насыяны 133,8 миң киши алган. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 36,4 пайызга өскөн.

«Чакан насыялардын көп бөлүгү Ош облусуна берилген. Андан кийинки орунда Бишкек шаары, Жалал-Абад облусу, Чүй облусу турат», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар