03:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тамчы-Ташкент аба каттамы жанданат

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, Өзбекстандын «Узбекистон хаво йуллари» ишканасы менен бирге каттамды жайкы мезгилде жандантуу пландалууда.

Ага ылайык, Ташкент-Тамчы-Ташкент каттамындагы учак быйылкы жылдын 27-июнунан 6-сентябрына чейин апта сайын бейшемби күндөрү каттайт.

Ташкент-Тамчы аба каттамы былтыр да иштеп, бирок жүргүнчү аз болуп, каттам өзүн актабагандыктан июль айынын ортосунда токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар