Ушул жылдын 19-апрелинен 17-майга чейин Кыргызстан боюнча айрым мунайзаттын түрлөрүнө болгон баалар көтөрүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир айда А-92 үлгүсүндөгү бензин 0,13 сомго, дизелдик отун 0,3 сомго көбөйгөн. Ал эми А-80 0,56 сомго арзандаганы байкалган.
Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы майда күйүүчү майлардын баасы жогорулашы күтүлөт деп эскертишкен.