Бишкекте «Петролеум» май куюучу жайын тоноп кетишти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-майда саат 5:00дө бет капчан жана куралчан эки белгисиз жаран Элебесов көчөсүндөгү май куюучу жайга кирип, болжол менен 3-5 миң сом алып качып кетишкен.
Аталган факты боюнча «каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышкерлерди аныктоо жана издөө иштери жүрүүдө.