00:22
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Өзбекстанда бир үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

Самарканд облусунда бир үй-бүлөдөн беш кишини өлтүрүп кетүүгө шектелгендер кармалды. Өзбекстан ИИМи кабарлагандай, тергөө иштеринин натыйжасында төрт киши колго түштү.

Шектүүлөр Иштихан районундагы Чимкоргон айлында өлтүрүлгөн үй-бүлө менен кошуна жашашкан. Алардын баары жумушсуз болгон жана маркумдардын акчасына ээлик кылуу үчүн кылмышка барышкан. Алар үй-бүлө мүчөлөрү уктап жатканда ууруга кирип, темир таяк менен башка чаап өлтүрүшүп, алардын 22 миллион сумун (2600 миң доллар) жана Samsung Galaxy A8 телефонун алып кетишкен.

Кылмыштын ишин жашыруу үчүн маркумдардын сөөгүн аларга таандык унаага салып, башка районго алып барып токтотуп коюшкан.

Шектүүлөр күнөөсүн моюндарына алган. Киши колдуу болгон түгөйлөр дыйкан чарбасы менен алектенген, алардын үч уулунун эң кичүүсү 15 жашта болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар