Кыргызстанда 5 айылдын эли электр жарыгы жок жашайт. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда маалым болду.
Улуттук энергохолдингдин башчысы Азамат Абдыкадыров жарыксыз айылдарды атап бере алган жок. Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2 айылга күн нурунан кубат ала турган панелдер орнотулат. Анткени электр жарыгын тартуу өтө кымбат болуп калат.
Жарыксыз жашаган айылдардын катарында Баткен облусундагы Зардалы айылы, Нарындагы Кең-Суу, Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Бейит жана Жаз-Кечүү айылдары бар. Бешинчисин энергосектордун өкүлдөрү эстей албай коюшту.