Кыргыз өкмөтү энергетикалык тармакта реформаны аяктамайынча, электр энергиясына болгон бааны көтөрбөйт. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Ал билдиргендей, жакынкы аралыкта электр энергиясынын тарифин кайра кароо күтүлбөйт.
«Биз азыр энергетика системасын реформалоонун үстүндө иштеп жатабыз. Иш аяктаганга чейин эски тариф боюнча иштеп турабыз», -деди Кубатбек Боронов.

