20:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Айыл Банк» ААКнын мурунку төрагасы Мурат Акимов үй камагына чыгарылды

«Айыл Банк» ААКнын мурунку төрагасы Мурат Акимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Мурат Акимовду сот залынан кое беришти.

«Баш коргоо чарасы 15-майда каралган. Прокуратура камакка алуу чечимин чыгарган, бирок сот аны үй камагына чыгаруу тууралуу чечим чыгарды», -деп билдиришти соттон.

Буга чейин «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын мурунку төрагасы Мурат Акимов кармалды деп укук коргоо органдарынан билдиришкен.

Маалыматка караганда, анын банктагы ишмердүүлүгүнө байланышкан ишти Бишкек боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы иликтейт.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы азырынча банкирдин кармалышы боюнча түшүндүрмө бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума