17:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Түркмөнфильм» киного тартыла турган актердун сакал өстүрүүсүнө уруксат берди

Социалдык түйүндөргө түркмөн актеру Анна Меляевге сакал жана мурут өстүрүүгө уруксат берген «Түркмөнфильм» бирикмесинин каты жарыяланды.

Киностудиянын жетекчилиги билдиргендей, «Түркмөнфильм» өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун «Түркмөнстан — Улуу Жибек жолунун жүрөгү» деген китебинин негизинде тарыхый көркөм тасма тартып жатат.

«Тасмада тарыхый эпизоддор бар. Буга байланыштуу башкы каармандын ролун аткарган Анна Меляевге тасма тартылып бүткөнчө сакал жана мурут өстүрүп жүрүүгө уруксат берилет», — деп жазылган киностудиянын катында.

​Түркмөн бийлиги эркектер диний экстремизмге айыпталып калышы мүмкүн экенин эскертип, аларга сакал өстүрбөөнү сунуштайт.

Түркмөнстандын коңшулары эсептелген Тажикстан менен Өзбекстанда дагы сакал коюп жүрүүгө чектөөлөр бар.

Эң көп окулган жаңылыктар