10:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жолдорго алынган насыяны унаа ээлеринин эсебинен жабуу сунушталды

Кыргызстан эгемендикти алгандан бери жолдорду ондоого 2,5 миллиард доллардан ашуун насыя алган. Аларды ким кайтарып берет деген саясий чечим кабыл алуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө насыяларды салыкчылардын эсебинен төлөө туура эмес. Акылбек Жапаров атайын жол фонддорун түзүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбалардан мисал келтирди.

«Ар бир литр күйүүчү майга кошумча салык киргизилген, ал аталган фондго түшүп турат. Ким көп жүрсө ошол көп төлөйт. Башка формула жок. Ал эми азыр биздин мугалимдер киреше салыгын төлөп насыяны жаап жатышат», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар