16:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутат: Тендерди жеке күрөгү жок подрядчиктер утуп алышты

«Жолдорду оңдоого карата өткөрүлгөн тендерде күрөгү жок компаниялар утуп чыгышат», -деди Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Кожобек Рыспаев.

«Жолдордун ондолушу, сапаты боюнча ким текшерүү жүргүзүп, ким жооп берет? Бишкекте бир жыл мурун жолдорду жасашкан, кээ бири бузулуп жатат. Буга ким жооптуу?», -деп нааразы болду депутат.

Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев жоопкерчилик подрядчик менен консултантта деп жооп берди. Кожобек Рыспаевди министрликтин текшерүү жана көзөмөл кылуу үчүн жеке техникалык базасынын жоктугу нааразы кылды.

«Техникалык базаны качан түзөсүздөр? Тендерди жеке күрөгү жок подрядчиктер утуп алышты. Мисалы, Балыкчы-Тамчы-Корумду жолун «Лонг Хай» компаниясы куруп жатат. Алар техникаларды ижарага алышат. Аларда күрөк да калак да жок. Жергиликтүү калк мындай көрүнүшкө нааразы», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар