Бишкектеги Ош базары жарнактардан тазаланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек башкы архитектурасынын кызматкерлери менен № 1 муниципалдык аймактык башкармалык жарнамалык паннолорду алып салды.
«Буга чейин адистер ишкерлерге мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды илбегиле деп эскертишкен. Бирок, көпчүлүк муну көңүл сыртында калтырып коет», -деп билдиришти мэриядан.