Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААКдан билдиришти.
Ондоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
- 8.00-18.00 —Алма-Ата көчөсүнүн бир бөлүгү, «Чекиш-Ата» базарынын аймагы, «Шоро»;
- 9.00-18.00 — Баялинов, Эркиндик көчөсүнүн бир бөлүгү, «Кара Жыгач», «Учкун» жаңы конуштары;
- 9.00-17.00 — Айтматов проспектиси 80, Таш-Көмүр көчөсү 6, 8, Тыныстанов, 209а;
- 9.30-18.00 — «Көк-Жар» (Ахунбаев, Арстанбап), Лев Толстой, Панфилов, Чуйков, Коенкозов, Тоголок Молдо, Логвиненко;
- 9.30-17.00 — Рыскулов, Заводской поселок, Жумабек, Кулиев, Павлов, «Щербакова», «Көлмө» (Максат, Тынчтык, Тендик);
- 9.30-12.00 — «Арча-Бешик» (Чатыр-Көл, Сулуу-Төр, Эр-Тайлак, Кара-Кужур, Ойсул-Ата, Чортеков).