13:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жумгал районунда сел жүрдү

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Беш-Терек айылында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен айылда сел жүргөн. 7 айылдын бир нече турак жайынын бакчасын суу каптап, бирок үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Жерине ӨКМдин райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу барган. Анда 50 метр арык жана 20 метр ички чарбалык жол тазаланып, иш-чаралар толугу менен аяктады.

Эң көп окулган жаңылыктар