12:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Миграттар үч ай ичинде Кыргызстанга 540,4 миллион доллар которушту

2019-жылдын январь-март айларында Кыргызстанга мигранттардан тарабынан 540,4 миллион доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.

2019-жылдын январь-март айларында былтыркы жылга салыштырмалуу 34,6 миллион долларга көп акча которулду. Март айында өлкөгө четтен 195,8 миллион доллар жөнөтүлдү. Бир айда көрсөткүч 16,4 миллион долларга жетти.

Которулган акчанын 90 пайызы ( 530,3 миллион доллар) Орусиядан келди.

Экинчи орунда АКШ — 6,6 миллион доллар. Калган өлкөлөрдөн 3,3 миллион доллар келип түштү.

Үч айда өлкөдөн 116,5 миллион доллар чыгарылды. Анын көпчүлүк бөлүгү Россия 115,6 миллион жөнөтүлдү.

Ошондо 2019-жылдын биринчи үч айында өлкөдөн калган акча 423,9 миллион долларды түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар