12:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Улуу Жеңиш. «Өлбөс полктун» катышуучулары согуш ардагерлерин эскеришти

Бүгүн Бишкекте Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленүүдө. Бул күнү Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арналган «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулду. Ага баш калаанын тургундары жана меймандары катышты.

«Өлбөс полктун» айрым катышуучулары 24.kg агенттигине эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Жаңыэл Балтабаева «Өлбөс полкко» апасы Тамара Балтабаеванын сүрөтүн көтөрүп келген. Айтымында, анын ата-энеси экөө тең согушка катышкан.

«Атам Анарбек Балтабаев согушка чейин Кызыл Армияда кызмат өтөп, ал жактан дароо согушка аттанган. Апам 1943-жылы өз ыктыяры менен 2 теңтуш кызы менен Токмоктон согушка чакырылган. Апам Карело-Финская, Украинада салгылашканын, ал жакта зенитчица болуп иштегенин айтчу. Бир окуяны айтып берген, кыш чилдесинде советтик аскерлер бир немецтин учагын атып жерге түшүргөндө, кыздар лыжа менен барып, качып бара жаткан учкучту кармап келишиптир. 18 жаштагы немец менин апамды жана башка кыздарды карап «биздин аялдар үйдө отурат, Советтер Союзунун аялдары согушка катышат экен. Таң калдым», -деп айткан экен.

Апам согуш жөнүндө көп айткысы келчү эмес. Согуштан кийин Фрунзедеги көркөм музейде иштеген. Атам согуштан аман-эсен кайтып келип, опера жана балет театрында ишин улантты. Ал колунан жаракат алып, 2-топтогу майыптыкты алган. Бүгүн ата-энемдин жаркын элесин эскерүү максатында жүрүшкө катыштым», -деди Жаңыэл Балтабаева.

Мария Сартаеванын атасы Омуткул Сартаев кандуу согуш талаасында 5 жыл жүргөн. Айтымында, туулган жери Жалал-Абад облусуна он эки мүчөсү аман кайтып келген.

«Атам Германиянын Кёнигсберг деген шаарында жеңиш алдында душмандар менен салгылашкан экен. Кийин согуштан немецтердин буюмдарын ала келген, аскерлер суу ичкен кутуча, күмүш кашыгы бар эле. Кашыктын артында немец тилинде Кёнигсберг деген жазуусу бар. Бала кезде фашисттик Германия бейкут жаткан Советтер Союзуна күтүүсүз жерден кол салды деген кабар чоң таасир калтырчу эле, ошол себептен немецтердин күмүш кашыгын кармагандан коркоор элек», -деп эскерет Мария Сартаева.

Атыргүл Жаркынбаеванын бир тууган байкеси согушка кетип, ошол бойдон кайсыл жерге коюлганы белгисиз бойдон калган. Бирок, жакында агасынын кайда коюлганы тууралуу кубанычтуу кабар алганын айтты.

«74-жылдан кийин ушул жылдын 9-январында «Эрдик» коомдук фонду агамдын жаткан жерин таап беришти. Белоруссияга сурак жиберсек, документтеринин барын жиберишти. 1-июлда ал жакка учуп барып, топурак салып эскерип келебиз. 1941-жылы согушка кеткен, 1944-жылы Белоруссияда каза болуп ошол жака коюлду деген кара кагаз келген, бирок кайсыл жерге коюлганы белгисиз болчу», -деди Атыргүл Жаркынбаева.

Ракиса Кудайбергенова Ысык-Көлдөн жөө жүрүшкө катышуу үчүн келгинин айтат. Атасы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кудайберген Молдосанов Сталинграддагы чоң салгылашууга катышкан. 1978-жылы каза болгон.

Гүлүмкан Садыкованын атасы Садык Дүйшөналиев 1941-жылдан 1945-жылга чейин согушта болгон. Ал Польшадагы салгылашууга катышкан.

«Атам согуш жөнүндө айтканды жаман көрчү, Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» чыгармасында Даниярдын «согуш курусун, силер аны көрбөй эле койгула» дегени бар эмеспи, анын сыңарындай согушту өз көзү менен көргөндөр такыр башкача мамиле кылат эле. Бизге согуш тууралуу айтып берчү эмес, бүгүнкү күнүңөр ырахатыңар деп гана койчу», -дейт Гүлүмкан Садыкова.

Бул күнү миңдеген шаардын тургундары жана меймандары Өчпөс отко гүл коюп, согушта жоготкон жакындарын эскеришти.

Эң көп окулган жаңылыктар