Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 356 ардагери жашайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-апрелге карата өлкөдө согуштун 91 майыбы, 224 согуштун катышуучусу, 17 концлагердин туткундары, 24 Ленинград блокадниктери бар. Республикада 2 миң 164 оорукта эмгектенгендер жашайт. Ошондой эле 2 миң 579 жесир (ардаагерлердин жесирлери) аял бар.
2010-жылдан бери ардагерлер ай сайын акчалай компенсация алып турушат. Майыптар, согуштун катышуучулары, концлагерлердин туткундары 7 миң сомдон алышат.