01:39
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Мамкаттоо кызматынын кызматкери Русланбек Сарыбаев үй камагына чыгарылды

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 24. kg агенттигине УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Эске салсак, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Соттун чечими менен «Инфоком» ишканасынын директору Талант Абдуллаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана мамкаттоонун төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев соттолгон. Аларга жемкорлук айыбы тагылган. Русланбек Сарыбаев ошол учурда биометрикалык паспорттор үчүн бланкаларды сатып алуу боюнча тендердик комиссияны жетектеп турган.

Белгилей кетсек, тендердик комиссия сынактын жеңүүчүсү катары Garsu Pasaulis компаниясчын тапкан. Компания 40 миллион 150 миң сомго бланкаларды алып келүүгө даяр. Тендерге катышкан IDEMIAFrance SAS сынак жыйынтыгы менен макул эместигин билдирип, УКМКнын Жемкорлук менен күрөшүү кызматы тергөө иштерин баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар