01:22
USD 80.63
EUR 95.45
RUB 1.05

Аксыда тоонун боорунан жарака пайда болуп, 2 үй-бүлө башка жакка көчүрүлдү

Кечээ Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Терек тилкесинде тоонун боорунан жарака пайда болуп, 2 үйгө кооптуу абал жаралды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жерине ӨКМдин адистери барышты.

Тактоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кооптуу абал жаралган жердеги 2 үйдүн жашоочулары убактылуу туугандарынын үйүнө көчүрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар