Бишкекте 6-майдан 6-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка мэр Азиз Суракматов кол койду.
Жыл сайын жаздын акыркы айында профилактикалык иштерди аткаруу үчүн 1 айга ысык суу берүү чектелет.