16:51
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Былтыр өлкөдө эмдөөдөн баш тарткан 6,5 миң учур катталган

Кыргызстанда «Эмдөө таасир этет» аталыштагы Европалык иммундаштыруу жумалыгы башталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты- калктын, жетекчиликтин, бийлик өкүлдөрүнүн, ар кандай диний коомчулуктун өкүлдөрүнүн көңүлүн жугуштуу ооруларды эмдөө аркылуу гана жеңсе болот деп буруу.

Кыргызстанда пландык иммундаштыруу боюнча ич өткөк, көк жөтөл, шал оорусу, гепатит В, кызамык, кызылча жана башка ооруларга карата эмдөө жүргүзүлүп турат.

Маалыматка ылайык, былтыр өлкөдө эмдөөдөн баш тарткан 6,5 миң учур катталган. Анын 65 пайызы диний көз караштардан улам баш тартышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар