07:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ошто 3 кишинин өлүмүнө аялдар шектелүүдө

Ош шаарында 3 аял адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде 41 жаштагы аял күйөөсү менен уруша кетип, көкүрөгүнө отвертка менен сайып алган. Кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумган. Алдын ала алынган маалыматка караганда, уруштун негизги себеби, күйөөсүнүн аялын үйүндө иштеп жаткан устадан кызгануусу болгон.

19-апрелде 45 жаштагы аял өз апасын бычактап өлтүрүп салган. Маалыматка таянсак, экөөнүн ортосундагы чатак акчанын айынан улам келип чыккан.

Ош шаарына караштуу Учар айылынын үстүндө жайгашкан дачалардын биринен 22-апрелде бир адамдын өлүгү табылган. Анын өлүмүнө шектелип ошол дачанын ээси, 41 жаштагы аял кармалды. Шектүү «ал мени зордуктоого аракет жасады» деп айтууда.

Эң көп окулган жаңылыктар