13:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кемин районундагы адам өлүмүнө милиция шектелип жатат

Чүй облусуна караштуу Кемин районунда адам өлүмүнө шектелип 8 киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында милиция дагы бар. Алардын баарын камакка алышты.

Эске салсак, ушул жылдын 1-февралында Боролдой айылында жергиликтүү тургундар адамдын сөөгүн таап алышкан. Ал буга чейин соттолгон 27 жаштагы Н.У. болуп чыкты. Алдын ала алынган маалыматка караганда, аны өлтүрө сабап салышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби