04:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Айыл чарбасын каржылоо-6». Дыйкандарга 5,6 миллиард сомго насыя берилген

«Айыл чарбасын каржылоо-6» программасынын алкагында дыйкандарга 5,6 миллиард сомго 11 миң 336 насыя берилген. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн былтыркы жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү учурунда айтты.

«Финансы-кредиттик уюмдар аркылуу 14,8 миллиард сом жана Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду 16,1 миллион АКШ долларына айыл чарбасына кредит берилди. 643 миллион сомго 338 бирдик айыл чарба техникасы лизингге алынды. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө 1,4 миллиард сомго 408 долбоор ишке ашты», -деди өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар