10:56
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Ата-энелер мектептеги акча чогултууларга каршы митингге чыгышты

Ново-Павловка айылындагы Чыңгыз Айтматовдун атындагы № 1 гимназиянын окуучуларынын ата-энелери мектептеги акча чогултууларга каршы митингге чыгышты.

Алардын айтымында, мектеп класстык фондко ай сайын 400 сомдон 3 миң сомго чейин ар бир окуучудан алат. Ошол эле учурда 13 миңдей окуучу акча топтоодон бошотулган. Мектепте 4,5 миң бала билим алат.

Айына 2 миллион сомдой акча топтолот. Мектеп жетекчилиги акча каякка кетип жатканын боюнча маалымат берүүдөн баш тартып келет.

Ата-энелер акча топтоону токтотууну талап кылышат.

Гимназиянын директору Диляра Абдуллаева убактылуу иштен четтетилди.

Эң көп окулган жаңылыктар