Ново-Павловка айылындагы Чыңгыз Айтматовдун атындагы № 1 гимназиянын окуучуларынын ата-энелери мектептеги акча чогултууларга каршы митингге чыгышты.
Алардын айтымында, мектеп класстык фондко ай сайын 400 сомдон 3 миң сомго чейин ар бир окуучудан алат. Ошол эле учурда 13 миңдей окуучу акча топтоодон бошотулган. Мектепте 4,5 миң бала билим алат.
Ата-энелер акча топтоону токтотууну талап кылышат.
Гимназиянын директору Диляра Абдуллаева убактылуу иштен четтетилди.

