18:13
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Бишкекке 60 жаңы автобус алынып келинди

Бүгүн Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында таң эртеңден жаңы автобустар келе баштады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди. 

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн шаардын мэри Азиз Суракматовдун отчетун жеке өзү кабыл алат. Алынып келинген 60 автобус борбордогу калкты тейлемекчи.

Эске салсак, 2019-жылы муниципалитет жаратылыш газы менен жүрө турган 69 жаңы автобусту сатып алууну пландаган. Аларды алып келүү боюнча тендерди кытайлык компания утуп алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби