12 жашар Даниил Браилкиндин уурдалышынын бетин ыкчам ачкан ички иштер органдарынын кызматкерлери ээнчилүү саат менен сыйланды. Бул тууралуу өкмөттун маалымат кызматы билдирет.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков оор кылмыштын бетин ачууда ыкчам жана ырааттуу иш алып барган милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
«Милиционердин иши — өмүргө жана ден-соолукка коопсуздук туудурган жана коомдогу тартипти жана тынчтыкты сактоого багытталган татаал жумуш. Сиздер ириде жарандардын кызыкчылыгы үчүн эмгектенип жатасыздар. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгегине объективдүү баа берүүнүн өзү — бул жарандардын ишеним көрсөтүүсү. Мындай ишенимди баалап, аны күн сайын чыңдоо зарыл», — деп белгиледи Жеңиш Разаков.
Андан тышкары, Ринат Артыкбаев, Бакыт Насирдинов, Өмүрбек уулу Сүйөрбекке алкыш жарыяланды.
Вице-премьер-министр 12 жашар Даниил Браилкинге эстеликке белек берип, ага чың ден соолук жана окуудагы ийгиликтерди каалады.